«Ала-Тоо» аянтында Токиодо өткөн Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды тосуп алуу салтанатына миңге жакын жарандар чогулду.
Иш-чарага президент Садыр Жапаров өзү катышты. Салтанаттуу иш-чарада өлкөбүздүн намысын XXХII жайкы Олимпиадалык оюндарында коргогон спортчулар менен машыктыруучуларга ыраазычылык билдиришти.
Белгилей кетсек, Олимпиада оюндарынан грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медаль тагынып келди.