• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөн… Сулаймановдун жыйындагы бети жабылган сүрөтү талкууда

17 Үчтүн айы 2022 15:42 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде 15-январь күнү кеңешме өткөрдү.

Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланган маалыматка тиркелген сүрөттө кеңешмеге катышкан бир адамдын бети жабылган. Бул социалдык тармактарда талкууга жем таштап, себеби суроолорду жаратты.

Ал адамдын алдына коюлган тактадан аты-жөнүн даана окууга болот. Анда Сулайманов Нурлан Чолпонбаевич деп жазылган.

Белгилей кетсек, экс-депутат Нурлан Сулайманов буга чейин транспорт министрлигин жетектеген. Башкы прокуратура Сулаймановго ал транспорт министри болуп турганда коррупциялык схема түзгөн деген шек менен 2012-жылы кылмыш ишин козгогон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») боюнча айып тагылган. 2012-жылы Сулайманов үч айга дарыланууга Германияга учуп кеткен. Өлкөгө жети жылдан кийин 2019-жылы кайтып келген. Кийин ага карата кылмыш иши токтотулганы белгилүү болгон. 2020-жылы парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын тизмесинде катышкан.

Убагында кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөн Сулайманов 2021-жылдын 18-июлунда ошол кездеги экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровду Ошто коштоп жүргөнү дагы талкуу жараткан.

Ал эми Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы бул тууралуу маалымат такталып жатканын айтып, кененирээк маалымат берүүнү убадалады.

Количество просмотров: 4216