• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

11 Кулжа 202513:55 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров “КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 30-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты КР Кылмыш-жаза кодексинин жана “Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө” КР 2024-жылдын 6-мартындагы № 69 мыйзамынын ченемдерин шайкеш келтирүү, ошондой эле “Жаштар арасында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө” КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 31-январындагы № 1842-VII токтомун ишке ашыруу болуп саналат.

Ошентип, мыйзам менен КЖКны төмөнкү ченемдер менен толуктоо каралган:

  • баланы күчтүү таасир этүүчү заттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун колдонууга тартуу үчүн жоопкерчиликти бекитүү (181-берене);
  • телекоммуникациялык тармактарды, анын ичинде Интернет тармагын пайдалануу аркылуу баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана күчтүү таасир этүүчү заттарды колдонууга көндүрүү үчүн жоопкерчиликти күчөтүү (287-берененин
    2-бөлүгү).
Количество просмотров: 148