• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кылмышка шектүү: «8 жашар кызымды зордуктаган эмесмин. Аялым өч алгысы келип жатат»

25 Тогуздун айы 2018 15:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 25.10.2018. Govori.TV
Ошто 8 жашар кызын өз атасы зордуктады деген айыпты шектүү жаран четке кагууда. Экспертиза жыйынтыгы чыга элек
Ошто өз атасы тарабынан зордукталды делген 8 жаштагы кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма-сөз кызматынын тескөөчүсү Абдуллаева Нурпери билдирди.
«Азыр биз соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Ошол жыйынтыкка жараша белгилүү болот»,-деди басма сөз катчысы Абдуллаева.
«Кылмышка шектелип кармалган жаран сурак урунда кызын зордуктабаганын айтып, ал эми аялын сабап жүргөндүгүн моюнуна алган. «Аялыма кордук көргөзүп келгендигим үчүн өч алуу максатында бул окуяны ойлоп чыгарды»,- деп айтып жатканын кошумчалады.
Эске салсак, Ош облусунун тургуну, сегиз жаштагы өз кызын алдап-коркутуу жолу менен зордуктап жүргөнү айтылган.  Бул тууралуу «Ак жүрөк» кризистик борборунун башчысы Дарика Асилбекова билдирген эле.
Анын айтымында жабыркаган кыз  иниси жана апасы менен бирге борбордун убактылуу баш калкалоо жайына жайгаштырылган.
Количество просмотров: 36