• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кылмышкерлер күч органдарын тоготпой калдыбы?

20 Үчтүн айы 2023 14:05 Бишкек Govori.TV


Учурда уюшкан кылмыштуу топтордун өз ара жаңжалдарды көбөйүп, бирин-бири өлтүрүп кеткен учурлар байма-бай какйталана баштаганы коом тарабынан катуу сынга алынып, «уюшкан кылмыштуу топтор көбөйүп кеттиби же алар күч органдарын тоготпой калдыбы?».- деген бүдөмүк суроо жаралды.


Мындай суроонун жаралышына ушул жылдын 12-январынын 13-нө караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кол салуу болуп, бирөө каза тапса, экинчиси ооруканага түшкөн. Аталган кылмышты уюштурду делип, каймана аты “Женго” аттуу кримтөбөл кармалган.
Буга чейин, УКМК 2023-жылдын 4-январында Кочкор районунун аймагындагы жер тилкени мыйзамсыз басып алуу фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармаган.
11-январда Бишкек шаарынан алдамчылыкка шектелген дагы бир уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармаганын ички иштер министрлиги кабарлаган. Ал жабырлануучуга таандык унааны сатып жиберген.


Бул жоорук жөнөкөй жарандар тарабынан да кайталанып, 16-январда Ала-Букада төрт жаран бычакталып, бирөө каза болду.


Мындай кылмыштуу төрт окуя 20 күндүн ичинде орун алды. Бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, кылмыштуу чөйрөдө өз ара териштирүү иштери болуп, анын натыйжасында коомго резонанс жараткан окуялар орун алып жатканын ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.


Нурбек Абдиев кылмышкерлерди колдогон саясатчылар бар экенин жар салган. Бул маселе Жогорку Кеңешке чейин жетип, депутат аларды колдоп жаткан саясатчылыр ким экендигин ачык атоонуу талап кылды.


Бул суроого тергөө амалдары жүрүп жаткандыгына байланыштуу жооп айтылган жок.
Жогорку Кеңештин депутаттары Динара Ашимова менен Балбак Түлөбаев укук коргоо органдары бул жаатта жакшы иштеп жаткандыгынын натыйжасы байкалып аткандыгын айтышты.
Эмил Токтошев учурдагы окуялар милиция кызматкерлери менен кылмышкерлер биригип кеткендигинен кабар берээрин билдирсе, Нуржигит Кадырбеков саясатчылар менен кылмышкерлер биргелешип, укук коргоо органдары кошулуп кетсе кыргызстан кандай өлкөгө айланаарына тынчсызданып турганын айтты.


Жыйынтыктап алганда «күч органдары мыкты иштеп жатабы же аларды кылмышкерлер тоготпой калдыбы?»,-деген суроого жоопту өзүңүз бериңиз.

Количество просмотров: 275