Бишкек шаарындагы Эмгек көчөсүндө жайгашкан үйдүн жанынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
26-январда болжол менен саат 09:00 чамасында эркек кишинин денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Ленин РИИБдин ыкчам тергөө тобу барган. Жансыз дене көмөк чордондун жанында жаткан.
Соттук-медициналык экспертиза маркумдун моюнуна жана жүрөк тушуна бычак сайылганын аныктады. Аталган факт Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын реестрине катталды.
«Маркумдун өздүгү такталып, ал 1967-жылы туулган Ж.Т. аттуу жаран болуп чыкты. Ал угуусу боюнча 2-топтогу майып болгон. Ленин РИИБ менен Бишкек ШИИБдин кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү колго түшүрдү. Кармалган жарандар — 1968-жылы туулган К.А. менен 1971-жылы туулган Ш.Б. дагы угуусу боюнча майып. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Ленин райондук соттун чечими менен 2 айга камакка алынды»,-деп айтылат маалыматта.