• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Эми кылмышкер жоопкерчиликтен кутулбайт, мөөнөтү өтүп кетсе да жазага тартылат

17 Бугу 2018 13:51 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.05.2018. Govori.TV
Мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазык ишин кыскартып, кылмышкерди жоопкерчиликтен куткаруу мүмкүнчүлүгү жокко чыгышы мүмкүн. Бул боюнча Президент Сооронбай Жээнбеков соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында айтты.
“Укук коргоо жана сот органдарынын кылмыштын бетин ачуу, күнөөлүү адамды издеп табуу боюнча бардык күч-аракети текке кетүүдө. Кылмышкердин кылмышы аныкталбай, зыяндын ордун толтуруу маселеси чечилбей эле, жазык иши соттук акты менен жокко чыгып жатат. Бул маселе милдеттүү түрдө чечилиши шарт”, — деди президент.
Белгилей кетсек, азыркы иштеп жаткан мыйзамга ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткенде, кылмыш жасаган адамдын күнөосүн аныктабастан эле соттор жазык ишин токтотот.
Количество просмотров: 71