• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кылмыштуу топтун мүчөлөрүн шайлоого катыштырбоо сунушталды

19 Бирдин айы 202114:16 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө президенттикке жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууга тыюу салууну сунуштады.

Министрлик «Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү-толуктоо киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Документ өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Жаңы мыйзам долбооруна ылайык уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөлөрүнө өлкө президенттигине, парламенттин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайлануусуна чектөө коюлат.

Количество просмотров: 178