Бүгүн 30-октябрда парламентте күч органдарынын кызматкерлеринин ишине кийлигишип, сүрөт, видео тартып аларды каралоо максатында интернетке жүктөөгө тыюу салган мыйзам долбоорун депутаттар артка кайтарышты.
Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Сүйүн Өмүрзаков милиция кызматкерлеринин мыйзам бузган учурларын сүрөткө, видеого тартса болорун, алардын ишине тоскоолдук кылып же атайын бурмалап чыгара турган учурда гана бул мыйзам иштээрин айтты.
Айрым депутаттар милиция бул мыйзамдан пайдаланып, ар кандай иштерди жасашы мүмкүндүгүн айтышты.
Аягында мыйзам долбоорундагы кемчиликтерди жоюу зарылдыгын айтышып, долбоор күн тартибинен алынды.