• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

18 Кулжа 2021 16:49 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы ири суммадагы алдамчылыкка шек саналган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады.

Маалымат боюнча, быйыл май айында Ош облусунун Араван районунун тургуну белгисиз адам аны алдап 18 миң долларын алып бербей жатканын, карызынан баш тарттыруу үчүн коркутууга кабылганын айтып арыз жазган.

Ушул эле райондун дагы бир тургуну 2017-жылы сөз болуп жаткан киши аны да алдап миллион сомдон ашык акчасын алып бербей жатканын билдирген.

Шектүү адам Бишкек шаарында кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 207