• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кылыч Саркарбаев эки айга камакка алынды

21 Бештин айы 2020 11:39 Бишкек Govori.TV

Жасалма документ колдонуу фактысы менен кармалган Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси Кылыч Саркарбаев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, Саркарбаевдин баш коргоо чарасы 18-декабрь күнү Ош шаардык сотунда каралган. Ага ылайык, ал 16-февралга чейин УКМКнын Ош шаарындагы тергөө абагында болот.

Эске салсак, УКМК Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси Кылыч Саркарбаев кармалгандыгы тууралуу 17-декабрда маалымат жарыялаган. ал кылмыш ишин жаап-жашыруу максатында паспортундагы Сулайманов деген фамилиясын Саркарбаев кылып өзгөрткөн. Ал 2006-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (талап-тоноочулук) менен күнөөлүү деп табылып, бир жылга шарттуу кесилген.

Бул фактыны жашыруу максатында фамилиясын өзгөртүп, документ жасаткан жана Ош шаарынын спорт комитетинин жетекчиси болуп жумушка кирген.

Андан тышкары, атайын кызмат аны Женго деген каймана ат менен белгилүү кримтөбөл Кылыч Досонов менен жакын байланышы бар экенин, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бир катар жаңжалдарына катышканын аныктаган.

Количество просмотров: 81