• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кылыч Саркарбаев убактылуу кызматынан четтетилди

17 Бирдин айы 202013:20 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев убактылуу кызматынан четтетилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров маалымдады.

Кылыч Саркарбаев териштирүү иштерине байланыштуу арыз жазган.

Буга чейин ММА боюнча дүйнө чемпиону Төлөгөн Рахманберди уулу видеокайрылуу жасап, Саркарбаев бутуна атканын жана коркутканын айтып чыккан.

Өз кезегинде Кылыч Саркарбаев өзүнө карата коюлган айыпты четке кагууда.

Количество просмотров: 74