• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кылычбек Султан «2018-жылдын мыкты элчиси» наамына татыды

11 Тогуздун айы 2018 11:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.10.2018. Govori.TV

Борбор Азиядагы мусулмандардын адам укуктарын коргоо боюнча уюму Кореядагы Кыргызстандын элчиси Кылычбек Султанды «2018-жылдын мыкты элчиси» — деп тапты. Бул тууралуу билүү үчүн элчинин өзүнө байланышканыбызда ал буларга токтолду:
» Сыйлык боюнча өзүмдүн деле кабарым жок. Бирок, аталган уюмдун Казакстанга тиешелүү экенин билдим. Сыйлыктын статуэткасын расмий колума ала элекмин. Менимче жыл жыйынтыгында расмий чакырып, тапшырышат болуш керек» — деди.
Бул сыйлык элчинин эр жүрөктүүлүк кадамдарга барганынын негизинде берилген. Борбордук Азиядагы адам укугун коргоо боюнча мусулмандар комитетинин башчысы Мурат Телибеков элчинин кадамын Кыргызстандын жаңылануусу үчүн болуп жаткан эң жакшы ачылыш экенин белгиледи. Уюм тарабынан сыйлыктар жыл сайын маданият, саясат жана эл аралык мамилелерге салым кошкон адамдарга берилип келет.

Эскете кетсек, 22-сентябрда Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы аэропортто Сеул-Алматы каттамындагы учакта социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденова мас абалда чуу салган эле. Кылычбек Султан пресс-конференция өткөрүп, чулуу жана жемкорлук иштерине байланыштуу чулгандуу иштерди ачыктап,президентке кайрылуу жасаган болчу.

Количество просмотров: 37