Кылычбек Султан Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты 8-июлда президенттик администрациядан тастыкташты.
КРнын Пакистандагы мурдагы элчиси Авазбек Атаханов ушул жылдын май айында кызматынан бошотулган.
Кылычбек Султан 2012-2013-жылдары социалдык өнүгүү министри кызматын аркалаган. Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы жана Түштүк Кореядагы элчиси болуп иштеген.