Бишкек. 14.03.2019. Govori.TV
Кээ бир элчиликтердин кызматкерлери дипломаттык статусун пайдаланып, мыйзамсыз иштер менен алектенген фактылар болгон. Мындай пикирин Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкекте өткөн жыйында айткан.
“Кайсы өлкө экенин атабасам да баарыңар билесиңер. Мурдагы бир элчи дипломаттын, мамлекеттик кызматкердин этикасын бузуп, дипломатияга адашып келген адис экендигин көрсөттү. Дипломатияда ага окшоп адашып келип калган адамдарга орун жок болушу керек”,-деди ал.
Президенттин бул сөзүнө КР Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан жооп берип, өзүнүн фейсбук баракчасына билдирүү жазган.
«Урматтуу эмес Сооронбай Жээнбеков! «Кулактан тартып алып келген» өлкө башкаргандарга салыштырмалуу элчиликке «адашып» келген адамдар эч нерсе эмес. Мына ушул менин өлкөм үчүн чоң трагедия»,-деп жазган Кылычбек Султан.
Эске салсак, 2018-жылдын 12-октябрында Кылычбек Султан Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси кызматынан бошотулган. Ага чейин Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги жана дипломатиялык паспортторду колдонуудагы мыйзам бузуу тууралуу билдирүү таратып, журналисттерге пресс-конференция уюштурган. Президент Сооронбай Жээнбеков андагы маалыматтарды текшерүүнү Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырма катары тапшырган.