• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кылычбек Султан: Зууракан Каденова тууралуу маалыматты таркатпоо тууралуу буйрук келди

24 Аяк оона 2018 18:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.09.2018. Govori.TV
Социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары,  Зууракан Каденова, учактан түшүрүп салган учурда мас абалда болгон. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Султан бүгүнкү маалымат жыйынында тастыктады.
Бул туурасында айтпай коюуну ойлонуп отуруп, акыры айтайын деп чечтим. Ошол күнү мага чалып , Сеул аэропортунда болгон окуя тууралуу айтышты, кыргызстандык аялды сапардан калтырып коюшуптур. Себеби Каденова мас абалында болуп, спирттик ичимдик жыттанып жана көйнөгү кусундудан булганып калганын айтты.
“ММКларда маалымат пайда болгон учурда бизге президенттин аппаратынан  бул маалыматты таркатпай тургула деген буйрук келди. Мен кимдин чалганын билбейм. Балким кызматкерлердин бирөө ушундай демилгени өзү көтөргөндүр. Бирок факт бар. Бүгүн маалымат конференциясына чыгып, мен өз кесиптештеримди бир аз оңтойсуз абалга калтырдым. Бирок унчукпай да коё албайбыз, анткени бул маалыматты жашыра албайсың”-деди Кылычбек Султан.
Эске салсак, ошол учурдагы социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденованы мас болгондугу үчүн учактан түшүрүп салышкан. Ошол эле күнү ал чиновник аял кызматынан алынган.
ЖМКга маалымат  берип жатып, Каденова спирттик ичимдик ичпегендигин, «Корвалол» жана валериянка ичкендигин, анын артынан кола ичип алып өзүн жаман сезип калгандыгын айткан.

Количество просмотров: 27