• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Орусия өлкөдөн медициналык беткаптарды алып чыгууга тыюу салды

4 Жалган куран 2020 15:24 Бишкек Govori.TV

Орусия беткап, халат, бахила, колкап өңдүү эпидемия маалында керек болуп калышы мүмкүн болгон медициналык каражаттарды өлкөдөн чыгарууга тыюу салды. Өкмөттүн тиешелүү токтому 4-мартта жарыяланды.

Тыюу 2020-жылдын 1-июнуна чейин күчүндө болот. Документте мындай чара коронавирус жайылып жаткан шартта медициналык каражаттардын тартыштыгын алдын алуу максатында кабыл алынганы жазылган.

Токтомго ылайык, тизмедеги каражаттарды ири көлөмдө гана чыгарууга тыюу салынат. Жөнөкөй жарандар жеке колдонуу үчүн аз өлчөмдө чыгарып кетсе болот.

Шейшемби күнү Москва бийлиги коронавируска шектелгендер үчүн өзүнчө оорукана бөлүп берген. Ал Кремлден 30 чакырым алыстыкта, Коммунарка районунда жайгашкан. Расмий маалыматтар боюнча учурда шаарда вирус жуктурган бир адам бар. Мындан тышкары дагы үч киши Казан шаарында ооруканада жатат.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө COVID-19 коронавирусун жуктурган адамдардын саны 92801ге, каза болгондор 3201ге жетти.

Количество просмотров: 70