• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Кылым карыткан Чыңгыз Айтматов» аттуу маданий агартуу иш-чарасы өттү 

24 Кулжа 2023 11:58 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 23-июнда КР Баатыры жана Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Кылым карыткан Чыңгыз Айтматов» аталышындагы маданий агартуу иш-чарасы өттү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү.

Ага маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, КР Балет федерациясынын директору Искандер Туратбек, КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, коомдук ишмер Роза Айтматова, Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык фондунун президенти Элдар Айтматов, бир катар чыгармачыл инсандар, элчиликтин өкүлдөрү, чет элдик коноктор жана Бишкек шаарынын тургундары катышышты.

Маданий иш-чара балет искусствосунун жылдыздарынын бийлери, опера солистеринин классикалык ырлары менен коштолду.

Кайрат Иманалиев президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен быйыл жыл аягына чейин улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгын мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде белгилөө чечими чыкканын, учурда маданият тармагында жазуучунун 95 жылдыгына арналган иш-чаралар байма-бай өтүп жатканын белгиледи.

Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов буга чейин жазуучунун 95 жылдыгына карата кыргыз-казак биргелешкен форуму Бишкек шаарында жогорку деңгээлде өткөнүн, жыл аягына чейин дагы бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чаралар өтөөрүн кошумчалады.

Бүгүнкү маданий иш-чара Ч.Айтматов атындагы Эл аралык фонду тарабынан уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өттү.

Количество просмотров: 530