• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кымбатчылыкка каршы митингге чыккан адамдар кармалды

14 Бугу 2022 10:39 Бишкек Govori.TV

13-майда Иранда азык-түлүктүн кымбаттоосуна байланыштуу бир катар шаарларда нааразылыктар өтүп, ага катышкандардын кеминде 20-30дайы кармалды.

Өлкөнүн президенти ушул аптада бир катар экономикалык чараларды, анын ичинде мамлекеттик бюджеттин эсебинен баасы туруктуу кармалган айрым товарларга субсидиялар алынарын жарыялаган. Натыйжада өлкөдө ун менен майдын баасы кымбаттай түштү.

Бул өлкөдө нааразылыктарды жаратып, батыш аймактагы Хузестан провинциясында бир нече шаарларда акцияларга алып келди.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 241