• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

«Кырдаалдан ички жана тышкы күчтөр пайдаланып кетти». Путин Казакстанда болгон окуялар боюнча пикирин айтты

10 Үчтүн айы 2022 14:56 Бишкек Govori.TV

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин онлайн режиминде өтүп жаткан кезексиз сессиясында сөз сүйлөгөн Орусиянын президенти Владимир Путин Казакстанда болгон окуяларга токтолду.

Жыйында Казакстандагы абал жана аны жөнгө салуу чаралары жөнүндөгү маселе талкууланууда.

«Кырдаалдан ички жана тышкы күчтөр пайдаланып кетти. Газ боюнча сүйлөгөндөр бир эл, максаттары бир. Ал эми кол салгандар башка максаттарды көздөгөн адамдар. Казакстан президентинин кайрылуусу бардык ЖККУнун мүчөлөрү тарабынан колдоо тапты. Уюм кыска мөөнөттүн ичинде бардык зарыл чечимдерди тез кабыл ала алды. ЖККУ механизми чындап ишке киришти», — дейт Путин.

Количество просмотров: 2885