Бүгүн Кырчын жайлоосунда беш мамлекеттин мүнүшкөрлөрү таптаган бүркүттөр үчүн оюн болду. Оюнда кыргыз бүркүтчүлөрү таптаган бүркүттөр алдыга озуп чыкты. Ал эми экинчи орунду Башкырстан, үчүнчү орунду Казакстан камсыздады.
Мындан сырткары бүгүн Салбуурун, тайган жарыштары жана жаа атуу оюндары дагы көпчүлүктүн көңүл борборунда болду.
Жаа атуунун 6 түрү боюнча 23 мамлекеттин жаачылары жарышка түшүшкөн.