• Жекшемби 3 Бештин айы 2023
  • Воскресенье 3 Декабрь 2023

Кыргыз балбандары Казакстанда өткөн мелдеште алтын утту

6 ноября 2023 в 10:35 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Алмазбек Сманбеков жана Алибек Осмонов Тараз шаарында өткөн Эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

57 кг чейинки салмакта катышкан Алмаз Сманбеков 1-орунга татыды. Ал эми 70 кг чейинки салмакта Алибек Осмонов дагы финалдык беттеште казакстандын балбанын жеңип, алтын медалды багындыра алды.

Белгилей кетсек, Динмухамед Кунаевдин жаркын элесине арналган Эл аралык мелдеш 3-5-ноябрь күндөрү Тараз шаарында өттү.

Количество просмотров: 148