Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары эмгек сиңирген машыктыруучу Анатолий Тарасовдун жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирге катышты.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, турнир 21-декабрдан 23-декабрга чейин Россиянын Нижний Тагил шаарында өткөн.
Мелдештин жыйынтыгында спортчулар 7 медалга ээ болушту:
63 кг салмакта Сабит Шамшединов — алтын;
130 кг салмакта Рустам Садыков — алтын;
55 кг салмакта Смадияр Жумакадыров — күмүш;
97 кг салмакта Нарту Абдурахманов — күмүш;
67 кг салмакта Чолпонбек уулу Сыймык — коло;
67 кг салмакта Динмухамед Бегелдиев — коло;
72 кг салмакта Сүймөнкул Икрамов — коло.