• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова «Ала-Арча» көрүстөнүнө жерге берилди

18 Тогуздун айы 202113:28 Бишкек Govori.TV

Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

Маркум менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтүп, ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Чүй облусунун башчысынын орун басары Нурил Алымбаев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков баш болгон мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер, акындын калемдештери жана жакындары катышты.

Майрамкан Абылкасымова 16-октябрда 85 жашында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Количество просмотров: 169