Бишкек.30.04.2019.Govori.TV.
Бүгүн Т.Абдумомунов атындагы кыргыз драм театрында кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сатыбалды Далбаев менен коштошуу зыйнаты болуп өттү.
Сатыбалды Далбаевдин бүткүл өмүрү улуттук театрдын сахнасында өттү. Сахнадагы 60 жылга жакын чыгармачыл өмүрүндө жүзгө жакын дүйнөлүк, орус жана кыргыз драматургдарынын 100дөн ашуун спектаклдеринде башкы ролдорду ийгиликтүү ойноп, кыргыз көрүүчүлөрүнө аттын кашкасындай таанылган. Ал театр сахнасында орто кылымдын чыгаан акыны Омар Хаямдын, кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук ишмери Т. Усубалиевдин, залкар жазуучу Ч. Айтматовдун образдарын да өтө таасирдүү, бийик чеберчиликте аткарды.
Сатыбалды Далбаев ойногон “Күнөөсүз күнөөлүүлөрдөгү” Незнамов, “Балдар бойго жеткендеги” Маке, “Жамийладагы” Сейит, “Алтын аяктагы” Миңжашар, “Уурдалган өмүрдөгү” Эйдзи, “Мүрөктүн суусундагы” Кырбаш , “Трибуналдагы” Комендант, “Жүрөлүчү жүрөк оорутпайдагы” Карыя ж. б. ролдору улуттук сахна өнөрүбүздүн көөнөргүс классикасы болуп саналат. Улуттук театр искусствосуна сиңирген эмгеги жогору бааланып, Сатыбалды Далбаев Кыргыз ССРинин эл артисти наамын алган, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына арзыган. Сатыбалды Далбаевдин улуттук өнөргө кошкон зор салымы жогору бааланып, III-даражадагы “Манас” ордени, “Даңк” медалы ыйгарылган. Таланттуу актер “Руханият” жана Ч. Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктарына ээ болгон. 2000-жылы Сатыбалды Далбаевдин ысымы туулуп-өскөн айылындагы орто мектепке ыйгарылган.