Медетбек Назаралиев «Кыргыз фондулук биржасы» жабык акционердик коомунун президенттигинен өз арызы менен кетти. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда белгилүү болду.
Назаралиев бул кызматта 2020-жылдын мартынан бери иштеп келе жаткан. Ал ошондой эле КФБнын IT бөлүмүнүн башчысы жана вице-президенти болгон.