Кыргыз фондулук биржасынын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунда директорлор кеңешинин жаңы курамы шайланды. Бул тууралуу кыргыз фондулук биржасынан маалымдашты.
Акционерлер эсептөө комиссиясынын курамын бекитип, биржанын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну талкуулашты.
Акционерлердин чечими менен директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн төмөнкү курамы шайланды.
Талантбек Омуралиев;
Айдар Убышев;
Анаркан Ногойбаева;
Алмаз Ташбаев;
Хасан Акынджы
Арсланбек Кененбаев;
Нурбек Элебаев;
Медетбек Назаралиев;
Азаматбек Абдыбеков.
Биржанын жаңыланган директорлор кеңешинин биринчи жыйынында төрага болуп Талантбек Өмүралиев дайындалды. КФБнын директорлор кеңешинин башка чечими менен биржанын вице-президенти Аида Чодулова болду.
Медет Назаралиев кыргыз фонд биржасынын директорлук кызматынан өз каалоосу менен кетти.