Ат-Башы районуна жаңы аким дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Мухтар Шербаев Ат-Башы районунун акими болуп дайындалды.
Ал 48 жашта. Буга чейин Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда акимдин орун басары болуп иштеген.