Кыргыз Республикасынын юстиция министри Баетов Аяз Батыркуловичке Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылтууга багытталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн координациялоо жана камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктар жүктөлсүн, ага 2026-жылдын 1-июлуна чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары статусу берилсин.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкта айтылат.
Ошондой эле Баетов айкалыштырып иштөө боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директорунун кызмат ордунан бошотулду.