• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кыргыз футбол союзу Штефан Таркович менен эмне үчүн 1 жылга гана келишим түздү?

23 Бугу 2023 13:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-майда өткөн маалымат жыйында Кыргыз футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков «словакиялык жаңы машыктыруучу Штефан Таркович менен эмне үчүн 1 жылга гана келишим түздү?» деген суроого жооп берди.

«Бул машыктыруучу менен келишимди мындан ары узартуу маселеси 6 оюндун жыйынтыгынан кийин белгилүү болот»,-деди Сыдыков.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасына башкы машыктыруучу болуп дайындалган словакиялык Штефан Таркович менен Кыргыз футбол бирлиги 2024-жылдын 30-июнуна чейин келишим түзгөн.

50 жаштагы Штефан Таркович УЕФАнын Pro машыктыруучулук лицензиясына ээ. 2020-жылдан 2022-жылга чейин Словакиянын улуттук курама командасын машыктырган. Словакия курама командасы 2020-жылы футбол боюнча Европа чемпионатынын финалдык баскычына чыккан.

2013-жылдан 2020-жылга чейин Словакиянын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусунун жардамчысы болуп келген.

Количество просмотров: 72