• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сыдыков Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы болду

28 Бирдин айы 20249:03 Бишкек Govori.TV

Медербек Сыдыков Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы болуп дайындалды.

КФСтен билдиришкендей, 27-февралда жыйында Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев Аткаруу комитетинин кароосуна Сыдыков Медербек Абдыкалыковичтин талапкерлигин сунуштады, анын талапкерлиги комитет мүчөлөрү тарабынан бир добуштан жактырылды.

Сыдыков 2017-жылдын апрелинен 2021-жылдын августуна чейин КФСтин башкы катчысы, ошондой эле 2021-жылдын октябрынан 2024-жылдын февралына чейин КФС президенти кызматын аркалап келген.

Количество просмотров: 97