• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Футбол союзунун президенти мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырды. Сыдыков себебин түшүндүрдү

30 Үчтүн айы 2024 10:42 Бишкек Govori.TV

Күн мурун Кыргыз футбол союзунун аткаруу комитети менен президенти Медербек Сыдыков мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырды. Мындай чечим улуттук курама командасынын 2023-жылкы Азия Кубогундагы өткөргөн оюндарынын жалпы жыйынтыгына байланыштуу кабыл алынган.

КФС Медербек Сыдыковдун кыскача маегин жарыялады. Анда ал кызматтан кетүүсүнүн себебин түшүндүрүп, мындай кадамга баруу эмоционалдуу чечим эместигин билдирди.

«Бул кеңешип кабыл алынган чечим. Жаңыча ой жүгүрткөн, тажрыйбалуу, жаңы көз караштагы кишилер келип, жаңылык киргизиши керек. Кыргыз футболунун келечеги жаңыланууну талап кылат. Футболду жаңы дээңгээлге көтөрүү үчүн жаңы жетекчилер, жаңы комада келиши керек», — деди ал.

Белгилей кетсек, КФСнын жетекчилигин шайлоо 19-февралда өтөт.

Медербек Сыдыков президенттик кызматына 2021-жылдын октябрында, ал эми аткаруу комитетинин учурдагы курамы 2022-жылдын апрелинде шайланган.

Количество просмотров: 114