Бүгүн, 31-августта Чүйдүн Чуңкурчак жайлоосунда Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө. Алгач Кыргызстандын көз карандысыздыгына карата мамлекеттик тууну көтөрүү аземи болду.
Андан кийин президент Садыр Жапаров кыргыз элин куттуктап, кайрылуу жасады.
Иш-чаранын алкагында “салбуурун”, “күрөш”, “ордо”, “аркан тартыш”, “таяк тартыш” жана башка улуттук оюндар уюштурулду. Анын ичинен кыргыз күрөшү көрүүчүлөрдү кызыкка батырды.
Белгилей кетсек, кыргыз күрөшү — кыргыз элинин байыркы улуттук күрөш түрлөрүнүн бири. Ал салттуу маданияттын маанилүү бөлүгү болуп, азыркыга чейин өзүнүн барктуулугун жоготпой келүүдө.