• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргыз-казак чек арасын бузган үч жаран кармалды

11 Аяк оона 2020 18:25 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 10-сентябрында кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын бузган үч жаран кармалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 1983-ж.т. А.А. аттуу Кыргызстандын жараны Казакстандан Кыргызстанга өткөрүү жайынан тышкары жерден мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө аракет кылган жеринен КР МЧКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары тарабынан Кыргызстандын аймагында кармалган. Бул жарандын өздүгүн аныктаган документтери жок болгон.

«Мамлекеттик чек араны бузган дагы эки адам – Өзбекстандын жана Казакстандын жарандары, тескерисинче, Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылышып, бирок Кыргызстандын чек арачылары тарабынан кармалышкан. Тиешелүү документтер толтурулган соң мамлекеттик чек араны бузгандар мындан аркы териштирүү иштери жүргүзүлүшү үчүн тиешелүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 46