• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Кыргыз-казак чек арасында 400дөн ашык жүк ташуучу унаа кезекте турат

23 Тогуздун айы 2023 13:30 Бишкек Govori.TV

23-октябрь саат 12:00го карата кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек-автожол” КӨЖнын алдында Кыргызстандан чыгуу үчүн чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 410 жүк ташуучу каражаты кезекте турат. Бул тууралуу УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, УКМК Чек ара кызматы өткөрүү жайларында жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу сезондук көрүнүш экендигин жана ал айыл-чарба азыктарынын, эл керектөөчү товарлардын Кыргыз Республикасынан көп экспорттолушу менен байланыштуу экендигин баса белгилейт.

Кошумчалангандай, “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайынан жеңил автоунаалардан жана Кант цемент заводунун жүгүн ташыган жук ташуучу автоунаалардан тышкары Кыргызстандан Казакстанга өткөн суткада 297 жүк ташуучу транспорт каражаты өткөн.

Ошондой эле маалыматта, Кыргызстандын УКМК Чек ара кызматы тарабынана да, Казакстандын УКК Чек ара кызматы тарабынан да жүк ташуучу транспорт каражаттарына эч кандай чектөөлөр жок экени кошумчаланды.

Количество просмотров: 159