• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргыз-казак чек арасында аскер кызматкери жаракат алды

22 Тогуздун айы 2022 22:19 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-казак чек арасында аскер кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 21-октябрда кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар” өткөрмө бекетинде келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан 21 жаштагы аскердин башына ок тийип, Кара-Балта шаарындагы ооруканага жеткирилди.

Учурда аскер эсине келе элек, анын абалы оор деп бааланууда. Алдын ала маалымат боюнча, курал кылдатсыздыктан улам атылып кеткен. Бул окуя боюнча Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы иштеп жатат.

Количество просмотров: 1171