• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

КДКнын 35 жылдыгына арналган иш-чарада Турсунбек Акун жаракат алды

26 Бугу 202516:20 Бишкек Govori.TV

26-майда Бишкектеги Sofia International Hotel мейманканасында пландалган Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) 35 жылдыгына арналган иш-чара үзгүлтүккө учурады.

Турсунбек Акун «Азаттыкка» билдиргендей, алар мейманкана менен бир ай мурда келишим түзүп, кыймылдын мааракесин ушул жерде белгилемек болушкан. 200дөн ашуун киши чогулуп, мейманканага келишкен учурда анын администрациясы адамдарды ичкери киргизбей коюшкан. Түртүшүү маалында укук коргоочу башынан жана колунан жаракат алган.

Чакырылган Тез жардам бригадасынын дарыгери Турсунбек Акунду бир сыйра карап, колун таңып, биринчи жардам көрсөттү.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, баштапкы тергөө аракеттерин жүргүздү. Бишкек ШИИБи аталган факт көзөмөлгө алынганын, окуя иликтенип жатканын билдирди.

Количество просмотров: 540