• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргыз-Казак чек арасында чуулгандуу аймактан качкан аялдар жана балдар топтолгон

8 Бирдин айы 202012:33 Бишкек Govori.TV

«Кең-Булуң» жана «Токмок» өткөрүү жайлары аркылуу Кыргызстанга өткөн Казак жарандарынын (көпчүлүгү аялдар жана балдар) тыгыны пайда болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлайт.

Билдирүүгө ылайык, 8-февралга караган түнү чек ара аркылуу Кыргызстанга өткөндөр көп болгон.

«Кең-Булуң» жана «Токмок» өткөрүү жайлары аркылуу Кыргыз өлкөсүнө өткөн Казак жарандарынын (көпчүлүгү аялдар жана балдар) тыгыны пайда болду. Чек арадан өтүү учурунда чыр-чатактар катталган жок. Чүй облусунун Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан чек ара кызматынын бөлүмдөрү жана өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантып жатышат»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 7-февралда Кыргыз-Казак чек арасына жакын Жамбыл облусунун Масанчи айылында массалык мушташ орун алып, ок атышуу болду. Чыр аталган айылдагы жергиликтүү тургундардын ортосунда чыккан.

Количество просмотров: 916