• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кыргыз-казак чек арасында унаалардын жана адамдардын тыгыны жок

29 Баш оона 202210:45 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде унаалардын жана адамдардын тыгыны жок.

УКМКнын Чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги бекеттер штаттык режимде иштеп жатат.

«Мамлекеттик чек арадан өтүү боюнча кошумча маалыматтарды төмөнкү телефондор аркылуу тактап алууга болот: 0312 88 16 18, 0312 54 38 36», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 144