• Бейшемби 7 Бештин айы 2023
  • Четверг 7 Декабрь 2023

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды

20 ноября 2023 в 12:28 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 20-ноябрь саат 11:00ге карата кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө көзөмөл бекетинде 500 жүк ташуучу автоунаа кезек күтүп турат.

«Чек ара бекетинде жүк ташуучу унаалардын топтолушу айыл чарба азыктарынын экспорту көбөйүшүнө байланыштуу жыл сайын боло жүрүүчү сезондук көрүнүш. Жаныбарларды жана тез бузулуучу азыктарды ташыган автоунаалар чек арадан кезексиз өткөрүлүүдө. Кыргызстан менен Казакстандын чек ара кызматтары тарабынан жүк ташуучу унааларга эч кандай чектөө жок. Бардык өткөрмө пункттары штаттык режимде иштеп жатат», -деп жазылган маалыматта.

Количество просмотров: 106