• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды

7 Кулжа 2023 17:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-июнь саат 16:00гө карата кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек-автожол» жана «Кең-Булуң-автожол» өткөрүү пунктарында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды.

УКМКнын чек ара кызматынан кабарлашкандай, Кең-Булуң-авто жол бекетинин алдында 110го жакын, ал эми Ак-Тилек-автожол постунун алдында 140ка жакын унаа кезекте турат.

«Тез бузула турган азыктарды ташыган жүк ташуучу унаалар кезексиз өткөрүлүүдө. Кыргызстан тараптан жүк ташуучуларга чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө эч кандай чектөөлөр жок экени айтылды»,-деп жазылат маалыматта.

Чек ара кызматы унаалардын кезеги дайыма болуп турган көрүнүш экенин жана бул Кыргызстандан сыртка айыл чарба продукциясынын экспортунун өсүшүнө байланыштуу экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 81