• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болду

12 Үчтүн айы 2022 13:01 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек — Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде жүк ташуучуунаалардын тыгыны пайда болду.

Маалыматка ылайык, саат 12:00гө карата кезекте 140га чукул оор жүк ташуучу унаа турат.

«Жүк ташуучу унаалардын топтолушу майрамдан кийинки жүк ташуулардын көбөйгөнүнө жана Казакстандын аймагындагы текшерүүгө байланыштуу пайда болду. Чек ара кызматы кыргыз тараптан оор жүк ташуучу транспорт каражаттарына чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө эч кандай чектөөлөрдү киргизген жок », — деп билдиришти мекемеден.

Чек ара кызматынан башка өткөрмө пункттарда жарандардын жана унаалардын тыгыны байкалбаганын белгилешти.

Количество просмотров: 86