• Шейшемби 9 Кулжа 2026
  • Вторник 9 Июнь 2026

Кыргыз-казак чек арасында жер титиреди

11 Жалган куран 202415:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн саат 11:53тө кыргыз-казак чек арасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү 3 баллды түзүп, анын очогу Кыргызстандын аймагында — Ак-Булак айылынан түндүк-батышка карай 5 км, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан түндүк-батышка карай 40 км аралыкта жайгашкан.

Жер титирөө Ак-Булак, Курмөнтү, Ак-Булуң, Балбай айылдарында 3 баллга чейин, Шаты, Кутургу, Түп айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Количество просмотров: 176