• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Кыргыз-казак чек арасындагы бекеттерде 400дөй унаа токтоп турат

6 Чын куран 2022 16:28 Бишкек Govori.TV

УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекеттери штаттык режимде иштеп жатат.

«6-апрель саат 15:30га карата “Ак-Тилек” бекетинде 200гө жакын жүк ташуучу унаа турат. Ал эми “Чоң-Капка” пунктунда 80 унаа, “Чалдыбар” бекетинде 60 унаа,”Кең-Булуңда” 65 унаа токтоп турат. Казак тараптын пунктардан унааларды кое беришинин кечендешинен улам чек арада унаалардын кезеги пайда болууда. Кыргыз-казак чек аранын башка пунктарында унаалардын токтоп турушу байкалган жок”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 241