Кыргыз-казак чек арасындагы тыгынды азайтуу үчүн «Чалдыбар» бекети ишке кирди. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, аталган өткөрмө бекети «Ак-Тилек» өткөрмө бекетиндеги жүк ташуучу автоунаалардын тыгынын азайтуу максатында 10-июнда ачылган. Ал эми өткөрмө бекетинен өтүп жатканда бардык айдоочулар организминде коронавирус бар-жок экенин аныктоочу экспресс-тест тапшырууга тийиш. Анализи таза чыккан айдоочулар Казакстанга кире алышат.
«Кыргыз-казак чек арасындагы үч өткөрмө бекети иштеп жатат. Алар: Чүй облусунда «Ак-Тилек», «Чалдыбар», Таласта «Чоң-Капка» бекеттери»,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, май айынын аягынан бери кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралган эле.