• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргыз-өзбек чек арасындагы эки көзөмөл-өткөрмө бекет убактылуу жабылат

26 Жетинин айы 20219:28 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Өзбекстан-Автодорожный» жана “Кызыл-Кыя-Автодорожный” көзөмөл-өткөрмө бекеттери 1-3-декабрь аралыгында жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эки көзөмөл-өткөрмө бекет жол ондоо жана асфальт төшөө иштерине байланыштуу жабылат. Бул убакыт аралыгында товар жана транспорт каражаттары «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу өткөрүлөт.

Чек ара кызматы билдиргендей, 4-декабрдан тартып «Кызыл-Кыя-Автодорожный» жана «Өзбекстан-Автодорожный» жолдору штаттык режимде иштеп баштайт.

Количество просмотров: 87