• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кыргыз-казак чек арасындагы тыгындын себеби айтылды

12 Үчтүн айы 2022 16:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-январда кыргыз — казак чек арасынын «Ак-Тилек — Автожол» көзөмөл өткөрүү бекетинде 140дан ашуун жүк ташуучу унаа кезек күтүп турат. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда аталган көзөмөл өткөрмө бекетинин башчысынын орун басары Кубан Телтаев билдирди.

Телтаев башка өткөрмө пункттарда жарандардын жана унаалардын тыгыны байкалбаганын белгиледи.

«Жүк ташуучу унаалардын узун кезегине жаңы жылдык майрамдан кийин коңшу өлкөгө жүк ташуучулардын көбөйгөнү жана инспектордук текшерүү комплекси себеп болгон. Бир сутка ичинде Казакстанга 156 жүк ташуучу унаа өтсө, Кыргызтанга 106 транспорт кирди. Саатына 5-6 унаа өтүп жатат. Казакстан тараптан башка чектөөлөр болгон жок. Өлкөдө көзөмөл өткөрүү бекеттери штаттык режимде иштеп жатат»,-деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, 11-январдан тарта казак-кыргыз чек арасында «Ак-Тилек — Автожол» көзөмөл өткөрүү бекетинде оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болгон эле.

Количество просмотров: 191