• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишим ратификацияланды

17 Үчтүн айы 2019 21:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.01.2019.Govori.TV.

 Президент Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 25-декабрында Астанада кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо» жөнүндө Келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 6-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты — мамлекеттер ортосундагы ички жол-жоболорду «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдер тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайыктоо.

Кабыл алынган Мыйзамдын 2-беренеси боюнча жогоруда берилген Келишимдин күчүнө кириши үчүн аткарууга зарыл болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттер ортосундагы ички жол-жоболору туурасында казак тарапка маалымдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине тапшырылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Теги:
Количество просмотров: 28