• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы өтөт

30 Баш оона 2023 11:54 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында XVI эл аралык “Айтыш-2023” кыргыз-казак төкмө акындарынын кош байге айтышы өтөт. Иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана алгачкы агартуучу, жазгыч акын, ойчул, тарыхчы Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, айтышты расмий ачылышы жана биринчи күнү бүгүн, 30-августта С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өтөт. Башталышы саат 18:00.

Билеттер театрдын кассасында сатылууда. Байланыш номерлери: 0550 313 256, 0703 327 752.

Количество просмотров: 73