• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Биз да сизден коркпойбуз». Төрага менен Көкүлов ЖКда уруша кетти

11 Аяк оона 202511:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу ортоңку трибунага чыгып сөз сүйлөгөн депутат Эрулан Көкүловго жооп берип, парламенттин ишин эби жок эле сындай бербөө керектигин айтты.

«Мен төрага катары жооп кайтарууга толук милдетим жана укугум бар. Бул эч кандай комментарий эмес, сиз туура түшүнүңүз биринчиден сиз жалпы депутаттарга баа бергенге акыңыз жок. Сиз коллегаларыңызды сыйлаңыз, сиз өзүңүзгө жооп бересиз өзүңүзгө баа бересиз, экинчиден өкмөт келгенде унчукпай калган эч ким жок өкмөт сизден айырмаланып конкреттүү түрдө программаларды маселелерди алып келет. Кунт коюп угабыз суроолорду беребиз эгер ойду-тоону сизге окшоп сүйлөсө анда конкретно ошондой сөз болмок жооп болмок. Аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосунда бир депутат эч качан от жакпашы керек», — деди спикер.

Төраганын сөзүнө жооп кайтарган депутат анын ишмердүүлүгүнө тоскоолдуктар болгондо аны парламент колдоого албаганын айтып, нааразы болду.

«Жогорку Кеңеш чындап коллегиялык орган болсо, мэр «таракан куруп жүрөт» дегенде бирөөңөр сүйлөдүңөрбү, депутаттын ыйгарым укуктарын коргодуңарбы? Сиз туура айттыңыз, «Урматтоого урматтоо» деп ошондо мени урматтап койсоңор мен ошондо урмат көрсөтмөкмүн. Анан акырын олтургула деп койсом, акыл үйрөтөсүңөр», — деди депутат.

Количество просмотров: 1002